Бугу 20, 2024
Убакыт: 20:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Таалайбек Сарыбашов автобус чыгаруучу түрк ишкерлер менен жолугушту

03.08.2021 20:48
694
Таалайбек Сарыбашов автобус чыгаруучу түрк ишкерлер менен жолугушту

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов автобус чыгарган компаниянын жетекчилиги менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов автобус чыгарган "ВМС" түрк компаниясынын директору Мурат Ялчин жана компаниянын өкүлдөрү менен жолукту.


Жолугушууда тараптар кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Келген коноктор Туркияда өндүрүлгөн автобустар

тууралуу айтып беришти.


Маалымдама: Компания 1964 -жылы Измир шаарында негизделген жана автобустарды гана эмес, аскердик техникаларды чыгаруу менен алектенет. Компаниянын арсеналында көптөгөн автобустар: шаарлар аралык автобустар, чоң, орто жана кичи класс бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн