Бугу 16, 2024
Убакыт: 09:16
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Таалайбек Сарыбашов кызматтан кеткени боюнча үн катты

12.08.2021 16:46
600
Таалайбек Сарыбашов кызматтан кеткени боюнча үн катты

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов эмне үчүн аталган кызматтан кеткени тууралуу үн катты. Бул тууралуу ал журналисттерге жооп берип жатып билдирди.


Анын айтымында, мындай чечим президент менен кеңешүүдөн кийин кабыл алынган.


"Бул менин жеке чечимим болду. Президент Садыр Жапаров менен дагы макулдаштык. Бишкек шаары менен тааныштык. Өзүмдүн чечимим боюнча Жогорку Кеңешке барып, депутат болуп мамлекетке кызмат кылып, мыйзам жазсак деген ойдо кызматты кайра берип жатам. Себеби 26-августта шайлоо болот. Бул чечимди шайлоого чейин кабыл алайын дедим",- деп жооп берди Сарыбашов.


Эскерте кетсек, бүгүн Таалайбек Сарыбашов кызматтан кетип, ордуна Айбек Жунушалиев дайындалды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн