Бишкек шаарынын мурдагы мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов орус жарандыгы тууралуу үн катты. Бул тууралуу Азамат Абсаттаров билдирди.
Анын айтымында, социалдык тармактарда тараган сүрөт фотошоп.
"Таалайбек Сарыбашов Россиянын жараны эместигин, тарап жаткан маалыматтар жалган экендигин билдирди. Буга чейин да Таалайбек Сарыбашовдун жарандыгы тууралуу маселе көтөрүлүп, Орусиянын тиешелүү кызматтарынан жооп келген. Ал документтерди жарыялоого уруксат беришсе жарыялайбыз.
Сүрөт да фотошопго окшоп турат",- деп билдирүү калтырган Абсаттаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн