Бугу 20, 2024
Убакыт: 02:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Таалайбек Сарыбашовдун демилгеси менен Бишкекте массалык ишембилик өтөт

05.08.2021 09:22
641
Таалайбек Сарыбашовдун демилгеси менен Бишкекте массалык ишембилик өтөт

7-август, ишемби күнү Бишкек шаарында массалык ишембилик өтөт. Бул тууралуу вице-мэр Жамалбек Ырсалиев билдирди.


Анын айтымында, ишембилик шаарга жаңы мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Таалайбек Сарыбашов тарабынан көтөрүлгөн.


"Жаңы мэр-жаңы дем.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Сарбашев Таалай Насирбекович жаңы дем менен иштеп баштады. Өзүңүздөр билгендей быйыл сугат суусу тартыш болуп, чөптөр саргайып,бактардын жалбырагы түшүп баштады. Урматтуу достор! 7-август, ишемби күнү баардыгыңыздарды шаардык ишембилике чакырабыз. Ар бир район активдүү катышып бериңиздер. Кафе-ресторандар, дүкөндөр, интернет клубдар, сулуулук салондору деги койчу кандай ишканалар болбосун өз айланасын тазалап шаарыбыздын тазалыгына салым кошуңуздар. 

Ким Таалай Насирбековичтин демилгесин колдоп бизге жардам беребиз десе байланышка чыгыңыздар. Менин вотсап номерим +996553517777 күнү түнү байланыштамын. Фейсбук жана инстаграммдан жазгыла. Кыскасы, биз сиздер менен! Шаарыбыздын келечегине кайдыгер болбойлу. Биз шаарыбыз үчүн, Бишкек баарыбыз үчүн!",- деп билдирүү калтырган вице-мэр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн