Бугу 10, 2024
Убакыт: 23:00
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Таалайбек Сарыбашовдун уулунун үйлөнүү тоюна Ташиев, Зулушев, Райым Матраимов келди (видео)

11.10.2021 17:28
2670
Таалайбек Сарыбашовдун уулунун үйлөнүү тоюна Ташиев, Зулушев, Райым Матраимов келди (видео)

Ош шаарынын экс-мэри Таалайбек Сарыбашов 9-октябрда уулу Нурсултан Насирбековду үйлөнтүп, Бишкек шаарында чоң той берди. Маалыматты  Сарыбашовдун мурдагы кеңешчиси Азамат Абсаттаров тастыктады.


Оштогу жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Нурсултан Шакир уулу Инстаграм баракчасындагы сторисине тойдон видео жүктөдү. Андан УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин куттуктоосунан үзүндү көрүүгө болот.


«Урматтуу Таалай иним, урматтуу куда-кудагыйлар! Баарыңыздарды бүгүнкү жакшы кече менен, бүгүнкү той менен куттуктаймын! Таалай иним, бүгүн жакшы тилек менен той кылып жатасың», — деп сүйлөгөн Ташиев.


Ташиев менен кошо сахнада коррупционер Райымбек Матраимов, экс-спикер Ахматбек Келдибеков, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, депутат Улан Примов жана депутат Азамат Арапбаев да турган.


Тойго ырчылардан Саламат Садыкова, Мирбек Атабеков, Анжелика Кайратова, Нурлан Насип жана Юлия Руцкая келген. Тойду белгилүү тамада Санжар Мыкыев алып барган. Алар соцтармактарына жүктөгөн сүрөт-видеолордо үлпөт Бишкектеги «Ала-Тоо» ресторанында өткөнүн белгилешкен.


Булак: "Клооп"


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн