Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 13:29
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Таалайбек Жайылов Токтогул районуна реформа жасаган аким болду

11.09.2021 11:35
1766
Таалайбек Жайылов Токтогул районуна реформа жасаган аким болду


Акыркы он жылда саясатка аттанган токтогулдук агаларыма ичим чыкпай, кээ бирлери менен ачык эле душмандашып, айрымдары менен жүз карашпай, кээ бирлерине саясатын колдобосумду тымызын билдирип кабинетине кирбей жүргөм...


Акыркы 5 жылда Таалай аке менен тыгыз иштештик. Токтогул районуна реформа жасаган аким болду. Тарыхта калган айыл өкмөт башчы болуп, өмүр боюу эшек менен суу ташыган айыл өкмөттүн ар бир үйүнө суу чыгарып, мектеп, спорт зал, жол салдырды. 


Акем байкуш Афганистанга (Баткен окуясында баш аягына чейин катышып) барып далай өмүрүн таштап кан кечип жүрүп ЖҮРӨК оору таап келген экен. Ошол оору акыры колубуздан сууруп кетти. Ажал мынча таш боорсуң, таш боорсуң.  Кечээ жакында Тажикстан менен кагышканыбызда зыркырап эле жүрдү.  Согушту, өлүмдү, кан төгүүнү көрүп калган неме уктабай маалымат сурап, кабатырланып, абал турукташуусун тилеп жатты.  Дарыгерлер арыкта деди деп кечкисин чуркап ден соолугун чыңдап жүргөн. Аламүдүн районуна аким болоордун алдында аттестациядан област боюнча алдыга чыгып, баарыбызды сүйүндүргөн.


Акем экөөбүз ичибизге жашырып жүргөн бир чындык - ал шайлоодон кийин областтык деңгээлдеги ЧОҢ КЫЗМАТКА дайындалуу алдында турган. Мен аны ишенимдүү адамдан угуп,  телефондон айтсам аябай сүйүнүп, жерге сууга батпай, рахматын кабат кабат айтып...


Кыз берип келин алаарда түбөлүк жай таап калат деген укмуш суук кабарды угуп эсим ооп калды. Акыркы бир жылда жеңем жакшы чыкканын, эркек катары  чыныгы бакытка эми жеткенин айтып сүйүнүп жүргөн. Кантейин ай, сүйүнүп бейишке кириңиз дегенден башка кеп оозума кирбей узун жолдо баратам...


Кызматы курусун, өзүңүз айткандай бактылуу болуп, узак жашасаңыз эмне, өмүрдүн чыныгы ширеси ошол эмес беле.


Агам жок деп арман кылган мен сизди тапканда өкүнбөй, бир туугандан жакын сырдашып, ыйласам сооротуп, оорусам чуркап келип, сүйүнсөм менден ашып сүйүнүп...


Эми сиздей мага кайдан табылсын, кокуй табылсын. Мен таянган аскалардын бири, мен ишенген адамдардын эң алдыңкысы, бир туугандан жакыным, жашоомдун бир бөлүгү, сүйүктүү агам, сырдашкан инсаным Таалай акем акыретке аттанды.


Баяна Кулова, журналист 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн