Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 00:57
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Таалайбек Өмүралиев Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан ШКУнун коргоо министрлеринин жыйынына катышты

29.07.2021 10:50
635
Таалайбек Өмүралиев Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан ШКУнун коргоо министрлеринин жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун коргоо министрлеринин жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.


Белгилүү болгондой, иш-чарага ШКУга мүчө Индия, Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Пакистан, Россия жана Тажикстандын коргоо министрлери дагы катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери, коргонуу жана коопсуздук жаатында кызматташтыкты мындан ары чыңдоо боюнча пикир алышты.


Коргоо ведомстволорунун башчылары Уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн жогорку деңгээлин, дүйнөдөгү чыр-чатактын потенциалынын өсүшүн, жаңы коронавирустук COVID-19 инфекциясынын пандемиясын жана террордук коркунучтун сакталып тургандыгын белгилешти.


Жыйын соңунда тараптар 2022-2023-жылга пландалган протоколдорго кол койду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн