Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 21:25
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Таарынсаң эмес, тарыхты сыйласаң Таласка бар

14.10.2021 09:37
1535
Таарынсаң эмес, тарыхты сыйласаң Таласка бар


Талас жергеси өлкөбүздөгү тарыхка бай чөлкөмдөрдүн бири. Манас бабабыздын күмбөзү жайгашкан Талас дубаны жалпы улутубуздун - руханий борбору. Аймактан табылган археологиялык табылгалар, эски кыргыз жазуулары, дөңсөөгө айланган шаар калдыктары байыркы бай тарыхты баяндап турат. Дал ушундай берекелүү жерди бекеринен кабылан Манас, Бакай бабабыз тандап борбор кылбаса керек! Жөн жерден жомок жаралбайт демекчи, дал ошол дастанда улуу тарых катылып жатат. Ал эми азыр соңку эки миң жылдыкта тарыхкта бурулуш жасаган, керек болсо тарыхты өзгөрткөн эки чоң окуяны баяндагым келди.


Биринчи зор окуя мындан туура 1270 жыл мурда дал ушул Талас жергесинде болуп өткөн Атлах салгылашуусу. Бул согуш катардагы жөн согуш эмес. Өз доорундагы 10 ири согуштун бири. Эки чоң цивилизациянын кагылышы. Тарыхка бурулуш жасаган өзгөчө окуя. Чыгыш менен Батышты байланыштырган Улуу Жибек жолуна, анын боюндагы гүлдөгөн шаарларына, бейишти элестеткен кооз жерлерине көз арткан Кытай падышалыгынын баскынчыл жортуулу башталса, экинчи жактан Түштүк-Батыштан кылычтын күчү менен жаңы динди жайылтабыз деп аттанган Араб халифатынын аракети күчөгөн мезгили болгон. Мына эки зор күчтүн, цивилизациянын кагылышуусу 751-жылы Талас суусунун жээгиндеги Атлах шаарынын жанында болгондуктан тарыхта бул согуш – Атлах согушу аталып калды.


Бул ири согушта Араб Халифатынын жоокерлерин Зияд ибн-Салих баштаса, 100 миң Тан империясынын аскерин корей элинин өкүлү генерал Гао Сяньчжин жетектеген. Жергиликтүү эл Араб аскерлеринин карамагында согушкан. Катуу кагылыштын жыйынтыгы жергиликтүү эл колдогон арабдар тарабында болуп, Тан империясынын 50 миңдей жоокери согуш талаасында каза болуп, 20 миңи колго түшкөн. Араң кутулган аз сандагы Кытай аскери Ысык-Көл аркылуу өз өлкөсүнө кайткан. Мына ушул жерден бул кандуу согуштун жандуу элеси катары Каркыра жайлоосундагы Санташ үйүлгөн ташын божомолдоого болот. Чыгыштан келе жаткандагы 100 миңдей Тан империясынын ар бир жоокери таштаган таш тоодой болуп азыркыга чейин үйүлүп жатат. Ал эми аман калган жоокерлеринин качканда таштаган ташы кичинекей гана дөбөчө болуп турганын көрөбүз. Бул Таластагы Атлах салгылашуусунун жандуу күбөсү. Мына ушул согуштан кийин Чыгыш тараптан Кыргыз жергесине олуттуу агрессиялык аракеттер дээрлик 1,5 миң жыл токтогон. Бул согуштан кийин Араб Халифаты тарабынан Кыргыз жергесинде да кылычтын күчү менен ислам динин таркатам деген аракет токтоп, ынандыруу жолун тандап, жергиликтүү элдин ишеними, каада-салттары да эске алынганы байкалат.


Атлах салгылашуусунан 518 жыл өткөндөн кийин Талас жергесинде Чынгыз хан империясынын тагдырын чечкен курултай болгон. 1269-жылы өткөн Талас курултайында империянын келечек тагдыры талкууланып, натыйжада беш улуска бөлүнүп, ыдырап кеткен.


1. Алтын Ордо аталган Жуучу улусу Алтайдан Дунайга чейинки аймакты ээлеген.

2. Чагатай улусу Орто Азия Аймагы.

3. Чыгыш Түркстандан Орто Азияга чейинки аймакты камтыган Угедей улусу (Хайду мамлекети деп да аталган. Кыргыздар анын карамагында болгон).

4. Кытай, Монголия аймагын камтыган Хубилай улусу. Тарыхта Юань династиясы же Юань империясы деп да аталган.

5. Иран, Ирак, Азербайжан андан ары Кичи Азияны камтыган Хулагу улусу же Эльхан мамлекети деп бирдиктүү империя бешке бөлүнүп кеткен. Бул Талас курултайынын башкы чечими болгон.


Талас жергесинен башталган дагы бир орчундуу окуянын бири - 1842-жылы Кокон хандыгы жоюлуп, Бухара эмиринин бир облусуна айландырылып, таланып-тонолгондо дал ушул Талас жергесинде жашаган Шералы хан көтөрүлүп, Талас эли Кокон хандыгын кайрадан сактап, калыбына келтирүүгө жапырт аттанышканы тарыхта белгилүү. Натыйжада Кокон хандыгы кайра калыбына келтирилип, 1876-жылга чейин турганы тарыхта маалым. Мына ушундай тарыхтагы олуттуу маселелер Таласта чечилгени тарыхтагы сыймыктуу көрүнүш. Андыктан Кыргыз тарыхынын бир бөлүгү болгон Талас чөлкөмүнүн бай тарыхын терең изилдөө келечекте колго алынышы зарыл!

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн