Бугу 03, 2024
Убакыт: 19:14
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Табарсыгы жарылып кеткен. ӨКМ жоокеринин сабалышы боюнча кылмыш иши козголду

08.06.2022 06:29
647
Табарсыгы жарылып кеткен. ӨКМ жоокеринин сабалышы боюнча кылмыш иши козголду



Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Беловодск айылындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы жоокер Бекзат Эсенбековдун сабалышына байланыштуу ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат. Бул тууралуу ӨКМ министринин орун басары Урматбек Шамырканов 8-июнда билдирүү таратты.


Мунун алдында сабалаган жоокердин жакындары социалдык тармактар аркылуу кайрылуу жолдоп, укук корго органдарынан, бийликтен жардам сураган. Кайрылууда келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн аскерлердин бири Б.Эсенбековдон акча талап кылып, ур-токмокко алганы айтылат.


"1-июнда түндөсү катуу таяктан табарсыгы жарылып, 4-июнга чейин ооруканага жеткирлибей, абалы оорлошуп кеткен",-деп айтылды жакындары тараткан кайрылууда.


Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов 20 жаштагы жоокердин табарсыгы жарылып, операция жасалганын ырастап, аскер бөлүктүн тиешелүү аскер жетекчилеринин баары кызматынын убактылуу четтетилгенин билдирди.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн