Бугу 15, 2024
Убакыт: 08:35
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Табылды Акеров: Абылгазиев жыштык маселеси көтөрүлгөндө эле арыз жазышы керек болчу

16.06.2020 11:06
1167
Табылды Акеров: Абылгазиев жыштык маселеси көтөрүлгөндө эле арыз жазышы керек болчу


Мухаммедкалый Абылгазиевдин премьер-министрликтен кетүүсү туура чечим болду. Мындай оюн көз карандысыз саясий серепчи Табылды Акеров “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине өкмөт башчынын отставкасы боюнча комментарий берип жатып билдирди.


Анын айтымында, радио жыштыктар боюнча иш тыкыр изилденүүгө тийиш. Премьер-министр анын жыйынтыктарын күтүп отурбастан, кызматтан кетип калганы туура кадам болду.


Радио жыштыктар боюнча кылмыш иши качан аяктары белгисиз, азыр тергөө уланып жатат. Ошондуктан премьер-министр отставкага кетүүгө аргасыз болду. Менимче, бул чечимди туура эле кабыл алды. Себеби бул иш абдан резонанстуу маселеге айланып кетти. Мурда россиялык компанияга 5 млн сомго сатылган жыштык Казакстандын компаниясына 700 сомго сатылып кеткени таң калыштуу. Өкмөт башчынын аппараты бул боюнча маалым-каттарды премьер-министрге алып кирип, тааныштырыш керек болчу да. Эми бул ишке тиешеси барлар жана эмне себептен аз акчага бааланганы тыкыр иликтенип, тергөө калыс жүргүзүлүшү керек”, - деди Табылды Акеров.


Серепчинин
ою боюнча, жыштык маселеси жаңы көтөрүлгөндө эле Абылгазиев арызын жазса, балким ал бийликке, мансапка умтулбаган саясатчы катары элдин эсинде калып калмак.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн