Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 06:33
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Табышмактуу аялдар жок, жандырмагын таба албаган эркектер бар

05.07.2023 12:09
372
Табышмактуу аялдар жок, жандырмагын таба албаган эркектер бар


Сенин бирөөгө берген эң баалуу белегиң – бул убактың. Анткени, сен эч качан кайтарып алалбас мүнөттөрүңдү берип жатасың.

***

Эрди-катын бирине-бири көз, бирине-бири кол болуусу керек. Колуң ооруганда көзүң ыйлайт. А көзүң ыйлаганда, колдоруң жашыңды аарчыйт.

***

Жүз жолу жардам берсең да унутуп коюшат, бир жолу баш тартып койсоң, өмүр бою эстеп жүрүшөт.

***

Экөөңөрдүн таанышканыңарга бир жума, бир ай, бир жыл болобу, маанилүү эмес. Башкысы, ал адамды сагынсаң, демек, сенин жүрөгүңдүн эшигин ача алды.

***

Мени жек көргөн адамдар бар, жек көрө беришсин. Мени жакшы көргөн адамдар бар, жакшы көрө беришсин. Арада мени жаман көрүп, бирок жакшы көрүмүш болгон адамдар да бар. Мына ушундай адамдарды жек көрөм.

***

Улуу адамдар кээде жаш балдардан да ашып, жомокко муктаж болушат.

***

Жараткан бизге эки көздү көрүүгө, эки кулакты угууга, эки колду кармоого, эки бутту басууга берип, бирок эмнеге бир эле жүрөк берген? Себеби, экинчи жүрөктү биз издеп табуу үчүн, башка адамга берген экен.

***

Аялзатынын айырмалуу куракта гүлдөйт дегендери акмакчылык. Аялзаты айырмалуу эркек менен гана гүлдөйт.

***

Баткакка түшкөн алтын баары бир алтын бойдон калат, а чаң канчалык бийикке чыкпасын, өмүр бою чаң бойдон калат.

***

Эч нерсе эрте же кеч болбойт. Баары өз убагында гана болот.

***

Табышмактуу аялдар жок, жандырмагын таба албаган эркектер бар.

***

Мени чындык менен соксоң сок, бирок эч качан жалган менен аяба.

***

Эч ким сенин көз жашыңа татыктуу эмес, татыктуулар сени эч качан ыйлатпайт. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн