Белгилүү жазуучу, окумуштуу, журналист Арслан Капай уулу Койчиевдин “Тагдыр жөнүндөгү ыр” аттуу ара жолдо калган жоокердин окуясын бир дем менен окуп чыктым. Жакшы чыгарма адамга күчтүү таасир калтырып, акыл-эсиңе бүлүк түшүрөт. Окуянын чечмелениши, баяндалышы эстетикалык, философиялык, психологиялык түрдүү жагдайларга түртүп, же ырахатын аласың, же окуянын кайгы-касиретине тагдырлаш болгонсуп бир кыйла ойго батып, мүшкүлгө түшкөндөй болосуң. Анын тегерегинде көпкө ойлоносуң. Эсиңен бир топко кетпей туруп алат. Мыкты чыгарманын, искусствонун күчү мына ушунда эмеспи.
Мен Арслан Койчиевдин жаңы аңгемесин окуп чыгып, ошондой таасирге туш болуп, бир классикалык мыкты көркөм тасманы көрүп чыккандай “шуу үшкүрүп,” аңгеменин таасири эсимден кетпей, көпкө ойлондум. Эмне деген гана аянычтуу тагдырды жазгансың, Арслан мырза! деп колунан бек кысып, куттуктагым келди.
Жазуучу мурда кийин роман, повесттин үстүндө иштеп калган соң, аңгеме жанрында балык сууда сүзгөндөй эркин балкыган экен. Жоокердин тагдыры үч доордун машакатын, азабын көргөн эң трагедиялуу тагдыр. Ал Кыргыздын миңдеген кылымдар бою эсинен да, тарыхынан да өчпөй турган Үркүнү, Улуу Ата Мекендик согуш, кандуу согуштан кийинки турмушу. Мына ушул аңгеме тургай романга да сыйбай тургандай тагдырды Арслан бир аңгемеге чеберчилик менен сыйдырыптыр. Мен адабий сынчы эмесмин. Ошондуктан чыгарманы талдоону сынчыларга калтырып, окурман катары гана пикир айтып жатам. Анан да тарыхчы окумуштуудан жакшы, ал тургай эң эле мыкты жазуучу чыкканына кубанып турам. Менин билишимче аңгемени адабиятчылар, сынчылар жакшы кабыл алып, бийик баа берип жатышат. Акыйкатта аңгеме мындай баага татыктуу экен.
Аңгеме бир эле жоокердин эмес, бүтүндөй доордун тарыхы. Элдин бир кездеги аянычтуу тагдырын билген, даярдыгы бар окурманга бул оңой мүшкүл эмес. Үркүндү жалпы Адамзаттык мейкиндикте биз ушул кезге чейин толук ачып бере алдыкпы, деген суроо туулат. Ал тургай согушта өз эрки менен эмес, туткун болуп кеткендердин тагдыры да ачык бойдон турат. Чыгармадагы М... аттуунун тагдыры ошол чалкеш, кандуу жылдарга туш келип жатпайбы. Анын армандуу сүйүүсү жүрөктү какшатат. Ата Журттуу сагынып, ага баруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган М...нын тагдыры азыркы араанын ачкан дүйнөдөгү пенде затына коңгуроо эмей эмне!?
Согуш алааматы адамга кандай гана ачуу тагдырларды тартууларын Арсландын аңгемеси көзгө сайып көрсөтүп, эскертип тургандай. Ага болбой эле адамзат согушту, алааматты, агрессияны эңсеп тургандай...
Аңгемеде айтылган окуя биздин бир кездеги, кылым башындагы жандуу, аянычтуу тагдырыбыз. Андай азаптуу тагдыр ошол М...лардын эле тагдырына туш болуп, бизден айланып өтсүн деп тилеп кетесиң. Андай тагдырга бардык эле адамдар туруштук бере бербейт. М...өзүнүн маңдайына жазылган оор тагдырын көтөрүп, чыдап, өлбөй жүргөнүнүн өзүндө атуулдук, мекенчилдик, оптимисттик идея жатат. Ал кыргыздын бир баатыр жигити эле. Бирок аны тагдыр алыс алып барып, азгынчылыкка, бозгунчулукка туш кылып салды. Ушу азыр ал Мекенине кайтуу шыбагасына ээ болгонуна бирде кубанып, бирде күйүнүп кубаттуу шнапс ууртап, бир кездеги сүйгөнүнө жазган ырын окуп, айдай жамалын эстеп, тукумсуз калганына да кайыл болуп, Мекенине гана жете албай туру. Бул өзү кандай гана аянычтуу тагдыр. Мен бул аңгемеден Кыргыздын улуу уулу Азамат Алтайдын да образын көргөндөй болдум.
Аңгеменин сюжетинде көрөрмандарга тез таасир бере турган кыска метраждуу көркөм тасма тартса кандай гана сонун болот эле деген ойду да айткым келип туру. Аны эми автор өзү ойлонуп көрөр.
Кыскартып айтканда, Арслан Капай уулу Койчиевдин аңгеме жанрындагы мыкты ийгилиги менен куттуктап кетмекчимин. Бар бол Арслан! Сизден Кыргыз эли мындан да мыкты, мындан да бийик, терең чыгармаларды күтөт!
Майрамбек ТОКТОРОВ
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн