Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Так талашуудан өнүгүү болбойт, бийлик башына ким келсе да чайпалбаган, төгүлбөгөн система керек

22.06.2021 11:35
1045
Так талашуудан өнүгүү болбойт, бийлик башына ким келсе да чайпалбаган, төгүлбөгөн система керек


Адам баласында бийлик, так жана таасир талашуу кечээ, бүгүн же мамлекет болуп жашай баштагандан бери эле эмес, байыркы адамдар биригип, топтошуп, үйүр болуп жашай баштагандан тартып эле пайда болгонун көпчүлүк аңдаса керек. Андыктан, кайсы гана өлкө, коом болбосун, ошол өлкөнүн, коомдун башчысы болууга умтулгандар, талашкандар болору кадыресе көрүнүш. Кылымдар бою адамдар бири-биринен бийлик талашып, так талашып, кан төгүп, согуштар чыгып, чабылып-чачылып келишкен. Бийлик үчүн, бийликке жетүү үчүн адамдар көөнө замандардан бери ар кандай айла-амалдарды колдонушкандан сырткары, кулак угуп, көз көргүз бузукулук, арамзалык, чыккынчылык жана мыкаачылыктардын түркүн-түсүнө  күбө болушкан. Так ошол бийлик талашуунун таасиринен же кесепетинен улам далай мамлекеттер талкаланып жок болгон. Далай каардуу дагы, сүрдүү дагы, күчтүү дагы өлкөлөр, аты аңыз болуп айтылган нечендеген улуттар жок болуп, тарыхтын калың катмарына сиңип кетишкен. Тарых бетинен орун албай, аты эстелбей, белгисиз бойдон калган канча мамлекеттер жана элдер болгонун бир Кудай өзү билет.


Ошол тарых деп айтылып жаткан мезгилдерде же кече жакынкы убактарга чейин эле бийлик талашуу жолунда жеңгени жеңилген тарабын же жеңишке жетүү жолунда , өлтүрүү, эл алдында дарга асуу, өрттөө, атуу деген сыяктуу жазалар жана кыйноолор кеңири колдонулган жана андай жаза-кыйноолор ченемден тышкары көрүнүш болгон эмес. Эл дагы аны кадыресе кабыл алган. Ал гана эмес, өткөн кылымдын башындагы эле, биздин жашообуз бир болгон, бир мамлекет деп эсептелинген СССРдин убагындагы Сталин-Троцкийдин тирешинин, бийлик талашынын кесепетинен эч кандай айыбы дагы, тиешеси дагы жок он миңдеген адамдардын атылышы, миллиондордун камалып, ГУЛАГда чириши эле эмнени көрсөтүп турат. Баарынан да кызыгы, (бул жерде пропаганданын түздөн-түз таасири жана ошол окуялар тууралуу маалыматтын жоктугу себепкер)  Сталинди эңсеген, аны ыйык көргөн колдоочулары арабызда азыркы күнгө чейин болгонунда. Бирок кеп анда эмес, кептин баары байыркы замандан, адамдар үйүр-топ болуп жашап, ошол үйүрдүн башчысы болууну талашкандан, бийлик кумары пайда болгондон тартып, азыркы кезге чейинки ошол бийликти талашуу жолдорунда жана ыкмаларында. Байыркы, үйүр-үйүр болуп, үңкүрлөрдө жашаган бийлик талашуучуларда, атаандашын жолдон алууга өтө көп ыкмалары болсо керек. Мисалы, жардан түртүп жиберүү, жырткыч жаныбар менен кездешкенде таштап кетүү, арттан таш менен уруу, иши кылып ал алгачкы адамдар оюна келген ыкма менен үйүр башчылыкка умтулушса керек деп боолгосок болот.


Инстинкт менен жашаган жашоодо кимиси физикалык жактан күчтүү болсо, калганы анын артынан ээрчишет эмеспи. Бирок, адамдарда алгачкы коом пайда болуп, көзү ачылып, инстинкт менен эмес, ойлонуп иш кылууга өткөндөн тартып, бийлик талашуу жолу да өзгөрүп отурган. Ошол кездерден тартып саясатчыларда, бийлик талашуучуларда, адамдарды, элди манипуляциялоо пайда болгон. Мындайча айтканда, элдин аң-сезимине, ой жүгүртүүсүнө, түшүнүгүнө өз көз карашын киргизүү жана сиңирүү. Ошону менен бирге көпчүлүктүн колдоосуна ээ болуу.


Ал көз караш, ал баштаган жол, алган багыт туурабы же туура эмеспи ал башка маселе. Анын үстүнө жеңишке жетип алгандан кийин ал анчалык мааниге деле ээ эмес. Аны жашоо дагы, тарых дагы далай жолу тастыктаган. Ал эми биз сөз кылып жаткан бийлик талашуу ыкмасы жана жолдору улам заман алмашкан сайын, Адам баласы цивилизацияны көздөй жылган сайын жакшырып же гумандуулук пайда болуп отурган. үч кылым мурун эл алдында өрттөө, дарга асуу же орустар колдонгон "четвертования", "колесования" кадыресе көрүнүш болсо, 19-кылымда аны дүйнө жүзү жапайычылык катары карашкан. Өткөн эле 20-кылымда саясий оппонентерин, каршылаштарын аттыруу, үй-бүлөсүнөн бери камоо, жок кылуу деген кадимкидей эле болсо, азыркы учурда дүйнөнүн бир дагы цивилдуу мамлекетинде «оппозиция өкүлүн атууга өкүм кылыптыр, үй-бүлө мүчөлөрүн камаптыр, бала-чакасын барымтага алыптыр» дегенди угууга мүмкүн эмес.


Биздин өлкөдө аздыр-көптур эркиндик, оз оюңду ачык билдирүү, аз да болсо Адам укугу деген демократия бар. Демократия - бул Адам баласы жетишкен эң чоң ийгиликтердин бири. Ашып-ташыган байлыгыбыз болбогону менен ошол Адам баласы жетишкен эң чоң ийгиликтердин бири бизде бар экени чынында өтө кубандырат. Мына ошол демократиянын шарданы менен эл үч жолу бийликти кулатты. Жакшысы өз эрктери менен эле, мыйзамдуу өткөрүп беришсе болмок, бирок тилекке каршы баары андай болгон жок. Бул дагы болсо ошол демократиянын өнүгүү жолундагы кадыресе көрүнүштөр. Коңшуларыбызда болсо эски коммунисттер 90-жылдардан бери бийликте былкылдабай отурушса, (коммунисттик ой жүгүртүү жана ыкма менен башкарып)  бизде алтынчы ажобуз башкарып жатат. Алар биз басып өткөн жолду сөзсүз басып өтүшөрүн табияттын мыйзамындай көрсөк болот.


Саясатка аттангандан кийин баарына даяр болуу зарыл. Жыгылууга, жеңилүүгө, жоготууга, түрмөгө отурууга, жадакалса өлүмгө дагы даяр болушуң керек.  Жакындарың жумушунан ажырашы мүмкүн, кирешесинен кол жууйт, байлыгы болсо (чыныгы саясатчынын ашып-ташыган байлыгы болушу бизде мүмкүн эмес) тартып алып коюулары мүмкүн, коркутуулар болот, бардык тараптан кысым болот. Ошонун баарына чыдаш керек. Бийлик жана бийлик талашуу жолу ошондой татаал болот. Жөн гана замандын шары менен, элдин караңгы, кээде жапайы түшүнүгү менен (акчасы көп, бизнесмен, демек саясатчы болушу керек, эл башкарыш керек деген) парламентке, бийликке, чоң саясатка келип алгандар жөнүндө сөз болгон жок.


Ийгиликтүү бизнесмен, ийгиликтүү саясатчы болуп, өлкөнү өнүктүрөт, гүлдөтөт деп айтууга болбойт. Бизнес менен саясат таптакыр эки башка түшүнүк. Адам саясатчы болуп калыптанбайт, Адам саясатчы болуп төрөлөт!  Жогоруда айтылгандар, жөн гана адашкандар. Агын суу ылайланса дагы, бара-бара агып отуруп, тунарып, тазаланат. Бизде дагы ошондой болот деген үмүттөмүн. Биздеги ушуга окшогон ботколор акырындап отуруп тазаланып, дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүндөй болгон шайлоо, сот системалары орноп, шайлоочуларыбыздын  деңгээли жарма менен талкандан көтөрүлүп шайлай турган убакыт да келет. Ошондой эле шайлаган Адам, ошол шайланган адамына мыйзамдуу талаптарды коюп жана анын иштетешин, аткарылышын талап кыла билген, мыйзамсыз аракеттерге, узурпаторлорго, тирандык-диктаторлук кандуу бийликтерди орнотууга жол бербеген жарандык коом ар дайым болуп тура турган абалда болсо, биз мына ошондо коопсуз өлкөдө жашоого жетишмекпиз. 


Бирок, бизде көп учурда ойлогон жана негизи ошондой боло турган нерсе менен жашоонун чындыгы туура келбей калат. Себеби биздин эл басып өткөн жол, асыресе союз учурундагы, кайсы бир нерсеге же кимдир бирөөнүн жеке көз карашына, оюна жана коомдогу кадыр-баркына жараша өнүгө турган аргасыз акыбалга кептелип калган. Тактап айтканда кептеп коюшкан. Кайсы бир адамсыз, кимдир бирөөсүз элдин жашоосу, мамлекеттин жашоосу мүмкүн эмес деген ойду, көз карашты, сезимди сиңиришкен жана ал сезим өтө бекем орногон. Албетте, бул жерде эл күнөөлүү эмес, элге ушуга окшогон көз карашты мыктай кагып киргизген, ошол кездеги жетектеген саясий система күнөөлүү.


Ал эми азыркы кезде биздин өлкөдө, элдин түшүнүгүндө дагы эле ошол өткөн мезгилде жүргүзүлгөн, (эгер тагыраак болсо, элдин мээсине кагып киргизилген, орусча айтканда насаждали идею, промывали мозги)  калпыс идеология менен үгүт-пропоганданын таасири бар, чыга элек жана көп учурда өлкөнүн саясий жолуна, саясий багытына өнүгүүсүнө терс таасирин берип келет. Кимдир бирөөгө жеке сыйынуучулук, мактаса айга, күнгө теңөө, эгер ал жаза тайып, ээрден кыйшайса, жерден алып, көргө салып, тебелеп-тепсеп жатып калуу. Бул ыкма ошол мезгилдерде коммунисттердин кеңири колдонгон ыкмаларынын бири болгон. Элдин көңүлүн негизги маселелерден буруп, өзүнүн кадырын көтөрүү максатында, кийинкиси мурункусун жамандап, күнөөнүн, катанын баарын ошого оодарып, жүрүп отурушкан. Андан кийин келгени деле, анысы Ким болсо дагы, Ленин өзү тирилип келсе дагы абалдарын оңдой албаган акыбалга жетишкен. Алардын баардыгы өздөрү түзгөн системанын барымтасында калышкан. (Они, коммунисты, сами стали заложниками своей системы и начали гнить изнутри. Это привело их к гибели и краху империи).   


Мына ошондой ыкмалар бизде азыркы кезге чейин кеңири колдонулат. Ката кетирбеген, күнөө кылбаган Адам жок. Эгемендиктен берки баардык ажолорубуздун өз учурунда кылган иши, сиңирген эмгектери бар. Бирок ал нерселердин баары унутта калып, кийинки бийликке келгендин же бийликке келген топтун кызыкчылыгы үчүн жалаң кемчилик-каталарын чубап, элге мокочо көрсөтүп, душманга айлантып жатып калышат. Бул да болсо кимдир бирөөнү саясаттан кетирүү жана саясий "өлүккө" айландыруунун коммунисттерден калган ыкмасы. Текшерилген, кынтыксыз ишке аша турган ыкма.


Бизге дагы өнүккөн, алдыңкы өлкөлөрдөй туруктуу, кандай гана оош-кыйыш болбосун чайпалбаган, төгүлбөгөн, кимдир бирөөнүн жеке кызыкчылыгына жол бербеген, туруктуу система түзүлүшү керек. Мисалы АКШдагыдай. Ал өлкөдө кандай гана жеке Адам болбосун, кандай гана кадыр-баркы болбосун, ошонун баарын жеке өзүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдалана албайт жана жеке кызыкчылыгын, жеке көз карашын орното албайт. АКШнын  мамлекеттик саясий системасында кайсы бир адамдын, ал президент болсо дагы, эгерде жок болуп калса, мисалы ооруп калса, каза болуп калса деле мамлекет эч нерсе болбогондой андан нары сапарын улай берет.


Эл ичи кандай болсо, жетекчи да ошондой болот эмеспи. Кайсы гана жетекчи, башчы болбосун ошол элдин ичинен, ошол элдин үрп-адатына, салт-санаасына, кылган иш-аракетине, көз карашына карата тарбия алып, сугарылып, дене-боюна сиңирип, адат-мүнөз болуп анан чыгып барат. Ал эми бизде азыр так ошондой. (Ошондой кылып колониялдык тарбиядан өткөрүшкөн).  Элибиз кайдыгер, ээрчиме, оомо, жаш баладай ишенчээк, жоопкерчиликсиз жана өзүмчүл болуп турат. Албетте, баары эмес, бирок бул көпчүлүккө тиешелүү мүнөздөмө. Ошондуктан, ар бир кыргыз өз айланасына гана жогорудагыдай талаптарды койсо, көңүл бурса, ар бири жоопкерчиликтүү болсо, мамлекет тарабынан мыйзамдардын аткарылышы тыкыр көзөмөлдөнсө эле Кыргызстан деген кемебиз өз каалаган багытыбызга карата сүзүп баштамак.  


Арслан Айтыкулов 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн