Бугу 15, 2024
Убакыт: 13:43
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Такси жана сулуулук салонундагы кызматкерлер санитардык норманы сактабай жатат, - комендант

04.05.2020 11:25
1233
Такси жана сулуулук салонундагы кызматкерлер санитардык норманы сактабай жатат, - комендант


Иштөөгө уруксат берилген айрым ишкерлер өзгөчө абалдын талаптарын жана карантиндик нормаларды сактабай жатат, деп билдирди Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев бүгүн, 4-майда онлайн брифингде.


Анын айтымында, 1-майдан тартып Бишкек шаарында такси кызматындагы жана сулуулук салонунда иштеген кызматкерлердин иштөөсүнө уруксат берилген. “Бирок бүгүнкү күндө тактси айдоочулар бет кап тагынбай карантинтиндик нормаларды аткарбай жатат. Ошондой эле сулуулук салондо иштеген жумушчулар да бет кап тагынбай, айрым санитардык-гигиеналык нормаларды бузуп жатышканы аныкталып жатат”, - деп айтты комендант.


Ал 10-майга чейин бардык ишкерлерди жана жумушчуларды өзгөчө абалдын талаптарын жана белгиленген эрежелерди туура сактоого чакырды. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн