Жалган курандын 19, 2024
Убакыт: 15:06
USD
89.40
89.87
EUR
97.20
98.20
RUB
0.960
0.990

Такталбаган маалыматтар тарап жатат. Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүү таратты

22.03.2023 15:22
4162
Такталбаган маалыматтар тарап жатат. Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүү таратты



 Чек ара кызматы 2023-жылдын 22-мартына карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында абал туруктуу экенин билдирди.


"Күч түзүмдөрү мамлекеттик органдар менен бирдикте абалдын туруктуу болушуна багытталган иш –чараларды өткөрүүдө.  


Чек араны биргелешип кайтаруунун сапатын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлдөрү тажик тараптын өкүлдөрү менен ар кандай деңгээлдеги жолугушууларды ар дайым өткөрүп турушат. 



Анткен менен, акыркы мезгилде жергиликтүү калктын арасында такталбаган жана чындыкка дал келбеген маалыматтар таркаган учурлар көбөйүүдө. 


КР УКМК Чек ара кызматы жарандарды ар кандай ушак-айындарга жана ызы-чууга алдырбоого чакырат.


Кандайдыр бир суроо жарала турган учурда жарандар жакынкы чек ара бөлүмдөрүнө кайрылуулары зарыл",- деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Гулжамал
Ой Кудай тынч болсун заманыбыз коркуп жаттык орозо баштайт деп
Акон
Чек Арада тынчтык эле болсун бирок чек араны жакшылап коргош керек душман айттырып келбейт эчкачан орозонун кунундо кол салышыда мумкун таджиктерге ишениш жок Алар кудайдан да коркушпайт Элден угуп жатабыз Таджиктер тоолордун артына келе баштаптыр Акоп казып жатышат экен деп чек Ара маселеси чечилгенден кийинки соз бул кудай сактасын тынчтык эле болсун элибизде жерибизде