Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:39
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Талант Мамытов КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын жазгы сессиясына катышат

15.04.2021 10:05
695
Талант Мамытов  КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын жазгы сессиясына катышат

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 15-16-апрель күндөрү Санкт-Петербург шаарында өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын жазгы сессиясынын отурумдарына катышат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.


15-апрель күнү Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясы, Европа Кеңешинин, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун, Жер ортолук деңизинин Парламенттик ассамблеялары жана Бириккен улуттар уюмунун Контртеррористтик башкармалыгы ортосунда онлайн-форматта "COVID-19 пандемиясынын шартындагы глобалдык чакырыктар жана коркунучтар. Терроризм жана зордук-зомбулук экстремизми" аталышындагы конференция өтөт.


16-апрелде КМШ ПААнын башкы кеңсесинде ассамблеянын 52-пленардык отуруму уюштурулат. Анда пандемия маалында миграциялык жараяндарды мыйзамдык жөнгө салуу, айрыкча аталган маселеге карата КМШга мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин ролу талкууга алынат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн