Бугу 10, 2024
Убакыт: 04:35
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Талант Мамытов UFC'нин 7 жолку чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушту

18.06.2022 11:22
446
Талант Мамытов  UFC'нин 7 жолку чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушту

17-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов UFC версиясындагы аралаш мушташ боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушууга спортчунун энеси Елена Шевченко, машыктыруучусу Павел Федотов, Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр-таймаш федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев жана вице-президенти Эмиль Токтогонов катышты.


Төрага Талант Мамытов Валентина Шевченкону акыркы ийгиликтери менен куттуктап, спорт аркылуу Кыргызстанды таанытып келе жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.


“Ар бир жеңишиңиз биз үчүн сыймык. Айрыкча жаш спортчулар сизден үлгү алып, өлкөсүн даңазалоого шыктангандыгы бизди кубандырат”, – деди. Ошондой эле спортчуга төраганын энчилүү саатын тапшырды.


Муну менен катар төрага спорт чеберинин энеси Елена Шевченко менен машыктыруучусу Павел Федотовго да ийгиликтерди каалап: “Сиздер дайыма кыргыздын сыймыгы болгон кыздарыбызды ар тараптуу колдоп, алардын жеңиштерге карай умтулуусуна түрткү берип келесиздер”, – деп кошумчалады.


Белгилей кетсек, Валентина Шевченко чемпиондук наамын жети жолу коргоп, UFC уюмундагы кыз-келиндер арасында рекорд койгон жалгыз спортчу болуп эсептелет.


 

  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн