Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 19:59
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Талант Мамытов Аксыда селден каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтты

13.07.2021 16:19
802
Талант Мамытов Аксыда селден каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов 12-июль күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жүргөн селдин кесептинен каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы кабарлады.


Анда мындай деп айтылат:


“Урматтуу мекендештер!


Аксы жергесинде адам өлүмүн алып келген табигый кырсык тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык.


Жай тургундардын күтүүсүз кырсыктан каза болушу жалпы кыргыз эли үчүн оор жоготуу.


Ага ылайык, селден улам каза болгондордун жакындарына жана жалпы кыргыз элине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Ал эми кырсыктан жабыркагандардын тез арада сакайып кетүүсүн тилейм”.



Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Барып жеринде жардам бериш керек.аппак уйдо олтуруп конул айтуу колдон келет ар кимдин.