Бугу 21, 2024
Убакыт: 03:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Талант Мамытов Акжол Махмудовду куттуктады

03.08.2021 08:53
498
Талант Мамытов Акжол Махмудовду куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Акжол Махмудовду финалга чыгышы менен куттуктап, ийгилик каалады. 


"Сыймыктуу уулубуз Акжолду Жогорку Кеңештин жана жеке өзүмдүн атымдан Токиодогу Олимпиада оюндарында финалга чыгышы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. “Жеңиш эрдики болгону менен сыймык элдики". Алгачкы эле таймаштардагы ишенимдүү ийгилиги менен Кыргызстанды сыймыкка бөлөп, жалпы элге чоң үмүт тартуулады. Кыргыз эли эртеңки чечүүчү бетешүүдө да эр жүрөк азаматыбыздан жаңы жеңишти, мекенибизге алтын медаль менен келишин күтүп, үмүт артууда. Элибиздин ак батасы күч-кубат берип, жараткан өзү жар болсун. Ийгилик каалайм",- деп билдирүү калтырган төрага.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн