Теке 05, 2024
Убакыт: 07:30
USD
85.80
86.70
EUR
92.40
93.40
RUB
0.955
1.000

Талант Мамытов: Чек арада талкаланган үйлөр калыбына келтирилет

03.05.2021 10:42
885
Талант Мамытов: Чек арада талкаланган  үйлөр калыбына келтирилет

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов чек ара чыр-чатагында кыйраган үйлөр кайра калыбына келтириле турганын айтты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.


2-майда Баткен облусунун Лейлек районунун Интернационал айылынын жашоочулары менен жолугушту.


Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Баткен облусунда жүрүшөт. Алар Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Интернационал айылында болушту.


Жогорку Кеңештин төрагасы бул айылдын тургундарынын чек ара маселеси боюнча пикирлерин укту. Жергиликтүү тургундар 28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасында болгон чыр-чатакта чекаралаш аймакта жашагандардын үйлөрү бузулуп, өрттөнгөндүгүн айтышты.Талант Мамытов чек ара чыр-чатагында тамдары бузулган тургундардын турак - жай маселеси чечилип, тамдары толугу менен кайра калыбына келтирилээрин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн