Бугу 11, 2024
Убакыт: 00:55
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Талант Мамытов: Дүйнө мүнөт сайын өзгөрүүсүндө мугалимдердин таасири чоң

15.09.2021 16:01
908
Талант Мамытов: Дүйнө мүнөт сайын өзгөрүүсүндө мугалимдердин таасири чоң

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытовдун быйылкы окуу жылынын башталышына карата куттуктады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.


"Урматтуу мекендештер!


Ардактуу агартуучулар, студенттер жана окуучулар!


Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан быйылкы окуу жылынын башталышы менен куттуктайм!


"Окуу түндө алдыӊдагы шам чырак, билим алсаӊ маӊдай ачык жаркырап" деп улуу ойчул Жусуп Баласагын бабабыз белгилегендей, билим гана ааламга кут, адамзатка бакыт тартуулайт. Талыкпаган окуу аркылуу изделген илим “Ийне менен кудук казгандай” оор болгону менен мөмөсү таттуу, келечеги ишенимдүү.


Билим берүү системасын туруктуу өнүктүрүү жана бул жааттагы көйгөйлөрдү чечүү мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда. Дүйнө мүнөт сайын өзгөрүп бараткан ааламдашуу доорунда Кыргызстаныбызды алга сүрөй турган жаштарды тарбиялап чыгаруу агартуучулардын асыл милдети.


Кымбаттуу агартуучулар, билим жолуна аттанган жеткинчектер жана студенттер!


Эгемен мамлекетибиз, ар тараптуу, акылга бай жарандарга муктаж. Руханий көрөӊгөсү бай, кептин кенин казып, ааламда жок Алп Манас эпосун жараткан кыргыз элинин да эртеӊкиси билимдүү жаштардын колунда. 

Дагы бир жолу баарыңыздарды окуу жылынын башталышы менен куттуктап, ар бириӊиздердин үй-бүлөӊүздөргө ынтымак жана ырыс-кут каалайм!",- деп жазылат төраганын куттуктоосунда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн