Бугу 11, 2024
Убакыт: 01:09
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Талант Мамытов Эркин-Сай айылында өткөн "Эр эңиш" федерациясынын президенттин кубогуна катышты

31.07.2022 12:41
688
Талант Мамытов Эркин-Сай айылында өткөн "Эр эңиш" федерациясынын президенттин кубогуна катышты


Кечээ, 30-июлда Чүй облусунун Панфилов районунун Эркин-Сай айылында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эр эңиш» кубогу болуп өттү, деп билдирди ЖКнын басма сөз кызматы.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов баштаган депутаттар Кундузбек Сулайманов менен Карим Ханжеза катышты.


Спорттук мелдешти “Эр эңиш” федерациясынын президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Азыгалиев уюштурду.


Иш-чарада Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов куттуктоо сөз сүйлөп, улуттук оюндар кыргыздын улуттук каада-салтын, тарыхын, маданиятын сактоодо чоң роль ойноорун белгилеп, кыргыздын улуттук маданиятын чагылдырган оюндарды дүйнөлүк аренада жайылтууга мезгил жеткенин айтты.


«Ааламдашуу доорунда, айлана-чөйрөнүн баары тез темп менен өзгөрүп турганда, элибиздин баалуулуктарын сактап калуу абдан маанилүү. Анткени, улуттун аныктоочу фактору – бул тил, каада-салт. Тил – улуттун байлыгы, каада-салты – элдин өткөнү жана келечеги. Демек, кыргыздын кылымдардан бери келе жаткан малчылыгын улантуу үчүн ата-бабаларыбыздын басып өткөн жолуна карап, сабак алып, алдыга кадам ташташыбыз керек. Элибиздин биз уланта турган кооз мурастарынын бири – эр эңиш мелдешине окшош улуттук оюндарыбыз. Анткени бул оюндарда адамдардын ой-тилеги, үмүтү, кубанычы менен өкүнүчү, эрдиги менен эрдиги, теңдик менен эркиндикке умтулуусу, адилеттүүлүк үчүн күрөшү чагылдырылган», - дейт төрага Талант Мамытов.


Өз кезегинде «Эр эңиш» федерациясынын президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Азыгалиев акыркы жылдары бул оюнга кызыккан улан-кыздар көбөйүп, олуттуу машыгуулар өтүп жатканын, президент катары федерация, ал бул улуттук оюнду өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын убада кылды.


«Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов баштаган балбандарыбыз байыртадан келген кыргыздын жоокердик духу канында бар экенин дүйнөлүк олимпиадаларда бир нече жолу далилдеп келишкен. Спортчуларыбыздын ийгиликтери улуттук духту көтөрүп, ынтымакты бекемдеп, башталгыч спортчуларды шыктандырып, өлкөнүн өнүгүшүнө чоң үмүттөрдү жаратат. Эр эңиш – бул кызыктуу спорт гана эмес, бул кыргыздын тарыхы! Биздин эр жүрөк жоокерлер өздөрүнүн темирдей бекемдигине, майтарылбас эркине жана ишенимдүү аргымагына ишенишкен», - деди федерациянын президенти Азыгалиев.


60, 70, 80 жана 90 килограмм салмактагы балбандар арасында мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар, чемпиондук курлар менен сыйланышып, 1-орунга байгеге төө белек катары тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн