Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:58
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Талант Мамытов Индиянын президентин Индия Республикасынын күнү менен куттуктады

26.01.2021 10:35
550
Талант Мамытов Индиянын президентин Индия Республикасынын күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Индия Республикасынын Президенти Шри Рам Натх Ковинди Индия Республикасынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.


«Соңку жылдарда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү активдүү диалогду жөнгө алып, кыргыз-индия мамилелерин өнөктөштүктүн жаңы стратегиялык деңгээлине чыгара алдык. Эки өлкөнүн ортосундагы достукка жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка негизделген мамилени мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө абдан кызыкдар экенибизди баса белгилейм», — деп айтылат куттуктоосунда.


Өз кезегинде Талант Мамытов Шри Рам Натх Ковиндге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми Индия элине тынчтыкты жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн