Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 17:08
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Талант Мамытов КМШ ПАА жана ЕККУ ПАнын эл аралык байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү менен жолукту

08.01.2021 18:45
646
Талант Мамытов КМШ ПАА жана ЕККУ ПАнын эл аралык байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү менен жолукту

Бүгүн, 8-январда Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) эл аралык байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууга КМШ ПААнын байкоочулар тобунун координатору, Россия Мамлекеттик Думасынын Коргоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Заварзин жана ЖККУ ПАнын байкоочулар миссиясынын координатору, Тажикстан Намояндагон Мажлисинин Оли Мажлисинин Укук тартиби, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Рустам Шохмурад катышты.

Баарлашуу алкагында төрага Талант Мамытов эл аралык стандарттарга шайкеш келген демократиялык шайлоолорду өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгилеп: "Шайлоо маалында Кыргызстанда коомдук тартипти жогорку денгээлде камсыздоого багытталган бардык керектүү чаралар кабыл алынат. Биздин өлкө дайыма демократиялык шайлоолорду өткөрүү менен жарандардын эркин тандоо принцибине таянып келген жана мындан ары да бул жааттагы аракеттер улантылат", - деди.

Өз кезегинде эл аралык байкоочулар миссиянын иш тартиби жана президенттик шайлоо менен референдумга байкоо салуу ыкмалары тууралуу айтып беришти. Андан тышкары, президенттикке ат салышкан талапкерлер жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын өкүлдөрү менен жолугушууну мерчемдеп жатышканын маалымдашты.

Жолугушуунун соңунда делегация башчылары президенттик шайлоону жана референдумду ийгиликтүү өткөрүп алуу тилегин билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн