Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 03:42
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Талант Мамытов КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын онлайн-конференциясына катышты

27.11.2020 20:01
679
Талант Мамытов КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын онлайн-конференциясына катышты

Бүгүн, 27-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблея (КМШ ПАА) кеңешинин онлайн-конференциясына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Онлайн жыйынга Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин парламенттик делегация башчылары, КМШнын жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан.


КМШ ПАА кеңешинин жыйынында экономикалык интеграциянын абалы, келечеги жана аны укуктук-ченемдик камсыздоо, COVID-19 пандемиясына байланыштуу КМШга мүчө мамлекеттерде кабыл алынган мыйзамдык чаралар, 2021-жылы КМШга мүчө өлкөлөрдө өтүүчү шайлоолорго байкоо салуу өнөктүгүнө даярдык көрүү маселелери каралган.


Өз кезегинде президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов ушул жылдын октябрь айында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына карата коомчулуктун нааразычылыгына байланыштуу болуп өткөн окуялар тууралуу маалымат берген. Ошондой эле Кыргызстандагы бардык жараяндар мыйзам жолунда кетип жатканын белгилеген Жогорку Кеңештин төрагасы, мамлекеттик бийлик институттарынын иши токтотулбастан, социалдык-экономикалык маселелерди чечүү менен калктын жашоосун жакшыртуу аракети улантылып жатканын кошумчалаган.


Андан тышкары, 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын президентин кезексиз шайлоо өтөрү тууралуу маалымат берген Талант Мамытов андан кийин Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоо мерчемделип жатканын билдирген. Муну менен катар боло турчу аталган шайлоолордогу даярдык жана өткөрүү маселелерине эл аралык байкоочу катары КМШ ПААнын делегациясын катышып кетүүгө чакырган.


Ал эми маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча КМШ ПААнын туруктуу комиссиясы кеңештин жыйынына Чыңгыз Айтматов атындагы КМШ ПААнын сыйлыгын адабият таануучу, жазуучу, Беларусь Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, Беларусь Улуттук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор Владимир Гниломедовго ыйгаруу сунушун берген.


Кеңеш Владимир Гниломедовдун талапкерлигин колдоп, пандемиялык кырдаалды эске алуу менен абал турукташкандан кийин сыйлыкты жеке өзүнө салтанаттуу түрдө тапшыруу чечимине келишкен.


Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеӊешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Республикалык кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова Чыңгыз Айтматов атындагы КМШ ПААнын сыйлыгын уюштуруу тууралуу демилгеси үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ыраазычылык билдиришкен. Ошондой эле аталган демилге бардык элдерди чыгармасы менен бириктирген улуу жазуучуну эскерип туруу багытында Ассамблея тарабынан жасалган маанилүү кадам болгонун белгилешкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн