Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 11:13
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Талант Мамытов Каржы министри менен тышкы карыз маселесин талкуулады

01.12.2020 19:39
548
Талант Мамытов Каржы министри менен тышкы карыз маселесин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 1-декабрда, өлкөнүн каржы министри Кыялбек Мукашевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат саясат бөлүмү каарлады.


Өлкөдө макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу маселелери, артыкчылык берилген өнүктүрүү программаларын каржылоо жана 2020-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышынын жүрүшү талкууланды.


Мындан сырткары, бюджеттик саясаттын орто мөөнөттүү мезгилге болгон негизги багыттары, мамлекеттик каржыларды башкаруу системасынын алдында турган реформалар жана мамлекеттик карыздарды натыйжалуу башкаруу маселелери талкууга алынды.


Министр Кыялбек Мукашев биринчи кезектеги чыгымдалуучу милдеттенмелерди, анын ичинде социалдык төлөмдөрдү, коронавирус инфекциясы пандемиясы менен күрөшүүгө багытталган иш-чараларды, электр энергиясын импорттоону жана күз-кыш мезгилине көмүр камдоону каржылоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.


Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу Талант Мамытов бюджеттин корголгон беренелери жана социалдык төлөмдөр өз убагында, толук көлөмдө берилип, пенсия, жөлөкпул жана бюджеттик кызматкерлерге эмгек акыларын төлөөдө кечигүүлөр болбошу керектигин баса белгиледи.


Ал ошондой эле тышкы карыз боюнча  төлөмдөрдү реструктуризациялоо жана мөөнөтүн узартуу боюнча кредитор өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү активдештирүүнүн маанисине токтолду. Дүйнөлүк экономикадагы учурдагы кырдаалды эске алуу менен жана тышкы карыздарды төлөөнүн туу чокусунун башталышына байланыштуу Тышкы карыздарды башкаруу стратегиясын кайра карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.


Талант Мамытов мамлекеттик каржыны башкаруу жаатындагы реформаларга байланыштуу министрлик бюджеттик процесстин ачык-айкындыгын жогорулатышы керектигин, мамлекеттик бюджеттен сарпталган ар бир сом акыркы натыйжаны алууга багытталууга тийиш экендигин белгиледи.


«Биз сметалык каржылоо принцибинен жыйынтыкка багытталган каржылоого өтүшүбүз зарыл. Бардыгы мамлекеттик программалардын жана долбоорлордун алкагында максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүүгө багытталышы керек», — деп айтты Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу.


Мындан сырткары, Талант Мамытов коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүнүн алкагында алынган тышкы жардамды пайдалануу боюнча коомчулукту ачык жана толук маалымат менен камсыз кылуу маселесине өзгөчө көңүл бурду.


Муну менен катар, 2021-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун талкуулап жатып, Президенттин милдетин аткаруучу Өкмөт тарабынан экономикалык реформалар жана мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоо боюнча иштер алпарылып жаткандыгын, буга байланыштуу келечектеги реформаларды каржылоо үчүн белгилүү булактарды жана каржы көлөмдөрүн аныктоо үчүн келечектүү делген өнүгүү программаларын талкуулоого жана иштеп чыгууга Каржы министрлиги активдүү катышуусу керектигин баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн