Бугу 04, 2024
Убакыт: 19:41
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Талант Мамытов Ноокен районунда курулган мектептин ачылыш аземине катышты

07.08.2022 11:37
495
Талант Мамытов Ноокен районунда курулган мектептин ачылыш аземине катышты


 6-августа Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Ноокен районуна караштуу Кара-Булак айылына барып, жалпы орто билим берүүчү мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.


Ачылыш аземинде мектеп билим менен илимдин бешиги экенин белгилеген төрага Талант Мамытов: "Бүгүнкү күндө мындай социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу, өлкөбүздүн өнүгүү стратегиясынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Анткени, заманбап мектептер элибиздин жашоо сапатын жогорулатуу менен өлкөнүн экономикасын динамикалуу өнүктүрүү үчүн өтө маанилүү", - деди. 


Муну менен катар ааламга жол айылдан баштала тургандыгын айткан төрага: "Эң биринчи айылдарыбыз өнүгүшү керек. Бул үчүн бардык шарттарды түзүү зарыл. Тагыраагы, мамлекеттин өнүгүп-гүлдөшү, аймактардагы жетишкендиктерден көз каранды", - деп кошумчалады. 


Ошондой эле аталган окуу имаратын курууга көмөктөшкөн «Ассанабил» эл аралык кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдирип, мугалимдер жамаатына да ийгиликтерди каалады. 


"Өлкөбүздө билим алуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана аны уюштуруу боюнча бир топ алгылыктуу иштер тынымсыз уланууда. Бүгүнкү заманбап педагогиканын жана методиканын башкы талабы сабакта жаңы усулдарды колдонууга, балдардын көмүскө таланттарын, жөндөмдүүлүктөрүн ойготууга багытталышы шарт. Андыктан бул жаатта агартуучуларыбызга жүктөлгөн милдеттер чоң. Ал эми мамлекет мугалимдердин ишине ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр", - деди. 


Эскерте кетсек, өткөн жылы пайдубалы түптөлүп, быйыл ишке берилип жаткан аталган мектептин кошумча имараты 220 окуучуга ылайыкташкан. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн