Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 10:03
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Талант Мамытов Нурсултан Назарбаевди Казакстандын Биринчи Президентинин күнү менен куттуктады

01.12.2020 17:35
560
Талант Мамытов Нурсултан Назарбаевди Казакстандын Биринчи Президентинин күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 1-декабрда, Казакстан Республикасынын Туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаевди Казакстан Республикасынын Биринчи Президентинин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин расмий сайты кабарлады.


«Сиздин жетекчилигиңиз менен Казакстанда жүргүзүлгөн масштабдуу реформалар өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө багытталып, Казакстанга жаркын келечектин жолун ачты.


Кыргызстан менен Казакстандын элдеринин ортосундагы эзелтен бери келе жаткан достук мамилелер ынак коңшулуктун, стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын негизинде мындан ары да өнүгө берет деп терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында. 


Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Нурсултан Назарбаевге бекем ден соолук, бакты-таалай, бакубатчылык, ал эми боордош Казакстан элине бейпилдик жана өнүгүү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн