Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 21:12
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Талант Мамытов РФнын мамлекеттик Думасынын төрагасы менен сүйлөштү

27.11.2020 18:50
771
Талант Мамытов РФнын мамлекеттик Думасынын төрагасы менен сүйлөштү


Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.


Баарлашуу алкагында Россия Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин Талант Мамытовду Жогорку Кеңештин Төрагасы кызмат ордуна шайланышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.  


Муну менен катар тараптар 30-ноябрда өтүүчү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблея (ЖККУ ПА) Кеңешинин күн тартибин талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн