Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Талант Мамытов Рафаэль Физиевди кабыл алып, жеңиши менен куттуктады

14.08.2021 08:43
479
Талант Мамытов Рафаэль Физиевди кабыл алып, жеңиши менен куттуктады

Лас-Вегас шаарындагы беттеште UFC турниринде жеңишке жетишкен мушкер Рафаэль Физиевди Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кабыл алды. Бул тууралуу төрага билдирди.


"Бүгүн мекендешибиз Кыргызстандын мушкери Рафаэль Физиевди кабыл алып, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан кезектеги жеңиши менен куттуктадым. 

Ага Жогорку Кеңештин энчилүү кол саатын жана башка белектерди тапшыруу менен бирге чон ийгиликтерди жана жетишкендиктерди кааладым. 

Рафаель Физиевдин жеңиши Кыргызстан үчүн чоң сыймык. Ушундай мекенибизди спорт менен даңазалаган эр азаматтарыбыз көп болуп, мекенибиздин желеги ар дайым бийиктиктерде желбиресин",- деп билдирүү калтырган Мамытов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн