Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 16:43
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Талант Мамытов Рыскелди Мусаев жана Мамыткановду кабыл алды

28.11.2020 11:04
695
Талант Мамытов Рыскелди Мусаев жана Мамыткановду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевди жана өлкөнүн вице-премьер-министри Максат Мамыткановду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмүнөн билдиришти.


Чек ара жаатында кызматташууну өнүктүрүү жана шайлоо алдында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чаралары талкууланды.


Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев республиканын чек ара аймактарында жүргүзүлүп жаткан иштер жана Мамлекеттик чек ара кызматын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кошуу иш-чаралары боюнча маалымат берди.


Коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин чечүү иштери улантылып жатканын билдирди.


Рыскелди Мусаев шайлоо алдында укук коргоо органдарына коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилгенин кошумчалады.


Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу боюнча Республикалык штабдын учурдагы жасап жаткан иштери жөнүндө маалымат берди.


Өлкө аймактарында бир катар көчмө жыйындар өткөрүлгөнүн, жыйынтыгында жергиликтүү бийликтерге жана ишке тартылган мамлекеттик органдарга шайлоонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, болушу мүмкүн деген мыйзам бузууларга бөгөт коюу боюнча тапшырмалар берилгенин билдирди.


Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоону уюштуруу, шайлоо учурунда коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү аракеттерин алдын алуу боюнча чараларды көрүү жана мерчемделген бардык иш-чараларды өз убагында жүзөгө ашыруу зарылдыгына көңүл бурду.


Талант Мамытов мамлекеттик органдар шайлоонун ачык-айкындуулугун камсыздап, шайлоо мыйзамдары бузулган учурларга өз убагында чара көрүү керектигин кошумчалады.


Ошондой эле жумушчу жыйындын жүрүшүндө ишкерлерди жана чет элдик инвесторлорду, жарандарды жумуш орундары менен камсыздаган ири ишканаларды коргоо маселелери көтөрүлдү.


Бизнес-коомчулугу жана инвесторлор менен өз ара байланышты күчөтүп, укук коргоо жана көзөмөл органдары тарабынан жасалган мыйзамсыз иш-аракеттерден аларды коргоо жана деструктивдүү элементтердин кысым көрсөтүүлөрүнө жол бербөө зарылдыгы белгиленди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн