Бугу 12, 2024
Убакыт: 16:51
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Талант Мамытов Садыр Жапаровго караганда мыкты президент боло турганын далилдей баштадыбы?

17.11.2020 16:03
1896
Талант Мамытов Садыр Жапаровго караганда мыкты президент боло турганын далилдей баштадыбы?


Учурда президенттин милдетин аткаруу түйшүгү Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго жүктөлгөн. Ал мындай жоопкерчиликтүү ишти колго алганда элге атайын кайрылуу жолдоп, элдин тынчтыгын, биримдигин сактоо үчүн бардык аракетин жасай турганын убадалаган. “Өлкө башчысынын милдеттерин аткарууга киришип жатып, эл алдындагы, мамлекет алдындагы жеке жоопкерчилигимди сезип жатам. Конституциялык укуктарымдын алкагында президенттин милдетин аткаруучу катары элдин тынчтыгын, өлкөнүн бүтүндүгүн коргоо үчүн бардык аракетимди жасайм”, - деген ал.


Мамытов саясатта бир топ бышып калганын далилдөөдө. Мамлекет ушундай кырдаалда турганда демилгени колго алып, тиешелүү жетекчилердин, “мамлекеттик машинанын” ишин татыктуу жолго сала баштады. Бүгүн, 17-ноябрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковду кабыл алып, аны менен өлкөдөгү социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча маселелерди талкуулашты. Андан сырткары тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди чакырып, анын аткарып жаткан иштеринин жыйынтыктарын угуп, тиешелүү тапшырмаларды берди. Муну менен Мамытов учурда Садыр Жапаровго караганда ишке жөндөмдүү экенин далилдеп жатабы? Эгер тараза ташы келечекте Мамытовго ооп кете турган болсо анда ал С.Жапаровго карганда мыкты президент болчудай.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Муса
Таке чынында кыйын экен. Ташиев менен Садырга караганда грамытный окшойт
Таа
Мадумаров болгондо мамлекеттик проекттер иштей баштайт еле.Аттин баалабай койдук да.