Бугу 21, 2024
Убакыт: 00:25
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Талант Мамытов Токаевди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

16.12.2020 13:00
541
Талант Мамытов Токаевди  Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

КРнын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевди өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.


«Сизди жана бир тууган Казакстан элин Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Көз карандысыздык алган жылдан тартып Казакстан Республикасы мамлекеттик курулуш, саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүү жаатында эң чоң ийгиликтерге жетишип, эл аралык аренада да мамлекеттин аброю бекемделүүдө.

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы ынак коңшулукка, стратегиялык өнөктөштүккө жана союздаштыкка негизделген эки тараптуу мамиле биздин элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да тынымсыз өнүгүп, тереңдей берет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн