Бугу 14, 2024
Убакыт: 00:43
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Талант Мамытов Вена Дүйнөлүк спикерлердин V жыйынына катышты

09.09.2021 13:21
1186
Талант Мамытов Вена Дүйнөлүк спикерлердин V жыйынына катышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Вена шаарында (Австрия) өткөн парламент спикерлеринин Бүткүл дүйнөлүк V конференциясына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.


Анда парламенттер аралык кызматташтыкка тиешелүү бардык багыттарда талкуу жүрдү. 


Иш сапардын алкагында алгач Казакстан Республикасынын парламентинин Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалар тууралуу пикир алмашты. Айрыкча, COVID-19 өңдүү заманбап чакырыктарга каршы биргелешип күрөшүү үчүн саламаттыкты сактоо жаатында өз ара байланышты өнүктүү маселелери талкууланды. Ошондой эле Афганистандагы азыркы абал да кеңири сөз болуп, эки өлкөнүн коопсуздугуна тиешелүү мыйзамдарды шайкеш келтирүү зарылчылыгы айтылды. 

 

Мындан тышкары, Австриянын Федералдык Кеңешинин Президенти Петер Раггл менен да жолугушуп, эки тараптуу парламенттер аралык кызматташуу маселелери боюнча баарлаштык Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн бардык аспектилерине токтолду. Муну менен катар глобалдык коопсуздук, терроризм жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү, дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүү көйгөйлөрү да көтөрүлдү. 


Талант Мамытов сапардын маанилүү бөлүгү парламент спикерлеринин Бүткүл дүйнөлүк V конференциясында  атайын кайрылуу жасады. Анда утурумдук маселелер менен катар климаттын өзгөрүшүнөн улам артып бара жаткан кургакчылык көйгөйүн кеп кылды. Адамзаттын жаркын келечеги үчүн биргелешип күрөшүү жана тыгыз алакада болуу зарылчылыгын баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн