Бугу 10, 2024
Убакыт: 05:24
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Талант Мамытов Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышы тууралуу кайрылуу жасады

10.01.2022 10:43
1108
Талант Мамытов Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышы тууралуу кайрылуу жасады

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Викрам Рузахунов тууралуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.



"Мекендешибиз, музыкант Викрам Рузахуновго коңшу өлкөдөгү башаламандыкка байланыштуу олуттуу айыптар тагылып жаткандыгы баарыбызды бушайман кылууда. Өнөр адамы, таланттуу мекендешибизге байланышкан айыптоо иши тыкыр иликтөөнү талап кылат. Биздин тиешелүү органдар аталган маселени коңшу өлкөнүн компетенттүү органдары менен бирге изилдеп, адилет чечим чыгарат деген ишеничтемин.


Жогорку Кеңештин депутаттары аталган окуяга көз салып, акыйкат чечилишин көзөмөлдөп турабыз. Биз эзелтен эриш-аркак жашаган, канатташ казак эли менен бир туугандык, достук мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдарбыз жана алакаларыбызга көлөкө түшүрчү көрүнүштөргө бирге каршы турабыз", - деп жазылат төраганын билдирүүсүндө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн