Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 11:50
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Талант Мамытов ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы сессиясына катышат

02.12.2020 11:36
423
Талант Мамытов ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы сессиясына катышат

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 2-декабрда, Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы сессиясына катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмү кабарлады.


Уюмдун мындан аркы ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттыруу, Жамааттык коопсуздук кеңешинин жана ЖККУнун уставдык органдарынын сессияларынын чечимдеринин ишке ашырылышынын жүрүшү, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташуусун мындан ары бекемдөө маселелери талкууланат.


Иш-чарага Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашиняндын, ошондой эле ЖККУ башкы катчысы Станислав Застын катышуусу күтүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн