Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:21
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Талант Мамытов: Жогорку Кеңеш шайлоочулардын үмүтүн актады

03.02.2021 10:44
1664
Талант Мамытов: Жогорку Кеңеш шайлоочулардын үмүтүн актады

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Талант Мамытов кайрылуу жасады.


"Кыргыз эли анын ичинде Жогорку Кенештин депутаттары өлкөнүн тарыхын чечип, мамлекетибиздин туруктулугун сактап калууга аракет кылдык. Кыргыз эли Садыр Жапаровго ишеним көрсөтүп, президент кылып шайлады. Элибиз президенттик башкарууну тандашты. Кыргыз эли эркиндикти туу тутат. Жогорку Кеңеш шайлоочулардын алдында жоопкерчиликтүү иш аткара алдык, убагы келгенде тарых баа берет. Октябрь окуясында жалгыз Жогорку Кеңеш легитимдүү бийлик катары жоопкерчиликти мойнуна алды. Бардык жерде мыйзамдарды орното алган чараларды көрдү. Мага чоң ишеним көрсөтүп Жогорку Кеңештин төрагасы кылып шайладыңыздар. Президенттин милдетин аткаруу жоопкерчилигин алдым. Шайлоону таза ачык өткөрүү өткөргөнгө бардык аракетимди көрдүм. Бардык жүктү көтөрө алдык. Эл аралык мамилелер боюнча эки тараптуу келишимдердин аткарылышын камсыз кылдык. Жаңы шайланган президентке ийгиликтерди, элибизге ак жолтой президент болушун каалайм. Элибизде зарыл болгон мыйзамдарды өз убагында аткарууга жетиштик", - деди Мамытов.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Куба Бактыбаев
Таза шайлоону Эл озу камсыздады. Мамлекеттен шайлоонун аппараттарын эле бербесе. Жапаровду Эл озу тандап, колдоп беришти. Шайлоону бузган аткаминерлер болот, билип алгыла.