Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин депутаттарынын кармалышы боюнча Башкы прокуратурадан түшүндүрмө талап кылды

02.06.2021 11:59
1535
Талант Мамытов Жогорку Кеңештин депутаттарынын кармалышы боюнча Башкы прокуратурадан түшүндүрмө талап кылды

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 2-июндагы жалпы жыйында депутаттарды камоонун мыйзамдуулугу тууралуу түшүндүрмө берүү үчүн Башкы прокуратурага проктоколдук тапшырма берди.


Жогорку Кеңештин депутаттар Дастан Бекешов менен Тазабек Икрамов “Кумтөр ишине” байланыштуу камалган депутаттар тууралуу маселе көтөрүшкөн. Дастан Бекешов жаңы Конституциянын 78-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык эл өкүлүнө кылмыш ишин козгоо, ал кылмыш үстүндө кармалган учурдан башка жагдайларда көпчүлүк депутаттардын макулдугу керек экенин билдирди.


Тазабек Икрамов депутат ишине байланыштуу айткан ою, берген добушу үчүн жоопкерчиликке тартылбай турганына токтолуп, соңку камоолор мыйзамсыз экенин белгиледи.


“Мыйзам бузуулар болуп жатат, буга ким жооп берет? Бүгүнкү күнү мандаты бар депутаттарды камап жаткандар жооп бериш керек”,- деди.


Эске салсак, депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров 31-майда кармалган.



Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Куба Тажибаев
Туура жооп берсин баш прокурор. Эмнеге мыйзамдын иштешин тыкыр козомолдобойт. Зулушов Ташиев экоо кетсин отставеага. 4 депутатты мыйзамсыз камашканы учун