Бугу 20, 2024
Убакыт: 23:51
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Талант Мамытов иш сапары менен Москвага келди

07.12.2020 08:02
422
Талант Мамытов иш сапары менен Москвага келди

КР президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 6-декабрда Москвага иш сапары менен келди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.


Анда соода-экономикалык, гуманитардык кызматташтык багытында сүйлөшүүлөр болоору, андан тышкары парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында Кыргызстан менен Россиянын алакасын арттыруу маселелери талкууланары күтүлүүдө.


Ошондой эле Талант Мамытовдун Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович жана Аткаруучу комитеттин төрагасы - КМШнын Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен жолугушуулары мерчемделген.


Иш сапарынын соңунда Жоргорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясында жашаган мекендештер менен жолугушат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн