Бугу 10, 2024
Убакыт: 02:20
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Талант Мамытов кат жазган 2-класстагы окуучунун кыялын орундатты

31.12.2021 19:08
573
Талант Мамытов кат жазган 2-класстагы окуучунун кыялын орундатты

Бүгүн, 31-декабрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунун тургуну Жанекова Наргизанын үйүнө барып, балдарына Жаңы жылдык белектерди тапшырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.


Эскерте кетсек, буга чейин Жанекова Наргизанын 2-класста окуган кызы Мирланова Хадижа Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго кат жазып, өзүнө, агасына жана инисине майрамдык белек берүүсүн өтүнгөн.


Жаңы жылды утурлай, өтүнүчтү аткарууну көздөгөн Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Хадичага планшет жана сүрөт тартууга керектүү кагаз-калем, агасына ноутбук, инисине оюнчуктарды белекке берди. Ошондой эле аталган үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөттү.


Жолугушууда балдарга жакшы тилектерин айтып, аларды изденип окууга үндөгөн Талант Мамытов: "Билим гана бийиктиктерге жеткирет. Андыктан, татыктуу таалим-тарбия, терең билим алууга аракет кылгыла. Ата-энеңердин гана эмес, жалпы кыргызстандыктар сыймыктана турган уул-кыздардан болгула", - деди.


 

   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн