Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 00:04
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Талант Мамытов кыргыз элин жаңы жылы менен куттуктады

01.01.2021 01:22
862
Талант Мамытов кыргыз элин жаңы жылы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кыргызстандыктарды Жаңы 2021-жыл менен куттуктады, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.


Төмөндө жаңы жылдык куттуктоо сөзү:


“Урматтуу кыргызстандыктар!


Кирип келе жаткан Жаңы 2021-жыл менен чын жүрөктөн куттуктоого уруксат этиңиздер!


Биз – баарыбыз ар жылы, 31-декабрда, бир адам – Кыргыз Республикасынын Президенти жаңы жылдык куттуктоо сөз айтаарына көнүп калганбыз.


Бирок өтүп бараткан жыл бурулуш жыл болду.


Кыргызстандын эң чоң сыймыгы айкөл элибизэкенине күбө болдук.


Өлкө башынан өткөргөн оор күндөрдө элибиз, мамлекет жасай турган иштердин “жеңилинжерден, оорун колдон алып”, тең бөлүштү.


Мына ошондуктан, бул жылыкыргызстандыктарды Жаңы жыл менен дал ошол биздин замандын каармандары дагыкуттукташы керек деп эсептейм!”.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн