Бугу 10, 2024
Убакыт: 23:39
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Талант Мамытов парламентке алып келинген бир ящик автомат тууралуу айтып берди

27.03.2023 15:27
504
Талант Мамытов парламентке алып келинген бир ящик автомат тууралуу айтып берди

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы төрага Талант Мамытов Жогорку Кенешке алып келинген бир ящик автомат тууралуу "Спутник Кыргызстан" агенттигине курган маегинде айтып берди.


Спикер болууну пландаган эмесмин. Бирок ал кызматты аркалап турганда өлкөдө парламентаризмди сактап калуу, парламенттин беделин түшүрбөө жана биз кабылдаган мыйзамдар элдин үмүтүн актаса экен деп колумдан келгенин бүт жасадым.

Былтыр сентябрда – Тажикстан менен чек арадагы жаңжал болгондо депутаттар кезексиз жыйынга чогулуп, президенттин кайрылуусун күтүп жатышкан. Зарылдыгы болсо биз аскердик абалды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алмакпыз. Окуялар улам курчуп, депутаттардын көбү Баткен облусуна өздөрү жөнөп кетишти... Мага УКМК жана Коргоо министрлиги чек арадагы абал туурасында маалымат берерин айтышты. Биз күтүп жатканбыз. Ошол маалымат айтылган соң курал таратышты.

Ким таратты?

— Эми Коргоо министрлиги жана...

— Кимге таратышты? Депутаттаргабы?

— Депутаттарга. Ящик алып келишти. Эгер өлкөнү коргогуңар келсе алгыла дешти. Алдыңкы катарда жүрүш керек! Мындай кайрылуу УКМК төрагасы тарабынан айтылды. Коргоо министрлигинин башчысы жанында эле.

— Куралды кантип алып киришти? Кандай болду?

— Чынын айтсам, түшүнбөй калдым. Алар мага айтышы керек эле. Борбордук трибунага чыгып: "Биз президенттин кайрылуусун күтүп жатабыз. Эгер ал кайрылса, парламент аскердик абалды киргизүүнү бекитүүгө тийиш. Башкача айтканда, биз өз милдеттерибизди аткарабыз, ал эми колго курал алуу — аскер кызматкерлеринин милдети. Жогорку Кеңешке кантип алып келдиңер билбейм. Эгер ошондой зарылдык болсо, келгиле мен биринчилерден болуп барайын. Бирок жоопкерчилик сиздерде болот", – дедим.

— УКМКнын төрагасынабы?

— Ооба. Ошондон кийин парламентарийлердин баары автомат алууга ашыгып калышты.

— Курал салынган канча ящик бар эле?

— Бирөө.

— Чоңбу?

— Ооба.

— Токсон автомат беле?

— Канча экенин билбейм...

— Калашников автоматтарыбы?

— Ооба, бирок октолгон эмес... Балким, бул парламентке басым жасоо аракети же ыкмасы болгондур. Менимче, андай сөздү уккан эркектердин баары колуна курал алмак. Парламентарийлерге жетпей калып, бири-биринен тартып алууга киришти... Бирок кийин туура эмес түшүнүп калдыңар дегендей, алардан кайра тапшырууну өтүнүштү. Кайра тапшырууга туура келди. Андан кийин Баткен облусуна каттам уюштурулду.

Жыйырмадан ашуун депутат жөнөп кетти, ондон ашууну эбак ал жакта болчу. Дагы он чакты депутат жарадарлар алып келинген Ош облусунда эле. Алар гуманитардык жардамды жеткирип жатышты. Башкача айтканда, парламентарийлердин көпчүлүгү жер-жерлерде, өздөрүнүн шайлоо тилкелеринде болушту. Борбордо калгандары Баткен облусуна кетишти. Спикерликти орун басарым Исаевге тапшырдым. Айтор, мырзалардын баары Баткенге жөнөдүк... Чуркай алчуларыбыз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн