Бугу 20, 2024
Убакыт: 23:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Талант Мамытов "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын жетекчиси Нурбек Козубековду кабыл алды

23.11.2020 22:24
609
Талант Мамытов "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын жетекчиси Нурбек Козубековду кабыл алды

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Нурбек Козубековду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдады.


Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 23-ноябрда, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Нурбек Козубековду кабыл алды.


Нурбек Козубеков энергетика компанияларынын күз-кыш мезгилине, учурдагы өлкөнүн энергетика секторунун астында турган милдеттерге даярдыгы жөнүндө маалымат берди.


Анын маалыматы боюнча, бардык ата мекендик энергетика компаниялары пландык оңдоп-түзөө иштерин өз маалында жыйынтыктап, жылытуу сезонуна толугу менен даяр.


Ошону менен бирге 23-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14,1 млрд куб метрди түзөрү белгиленди. Бул көрсөткүч 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4 млрд куб метрге аз.


Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов күз-кыш мезгилинде калкка электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылуу зарылдыгын баса белгиледи. Өлкөнүн алыскы аймактарына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.


Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу чакан ГЭСтерди курууга чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча иштерди күчөтүү, ал үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү, иштеп жаткан ГЭСтерди реабилитациялоо жана өлкөнүн жалпы эле энергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу керектигине көңүл бурду. Ошондой эле Талант Мамытов энергиянын атаандаш булактарын, анын ичинде күндүн жана шамалдын энергиясын пайдаланууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.


Мындан сырткары, ал CASA-1000 долбоорунун алкагында бардык иш-чараларды өз убагында жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн