Бугу 14, 2024
Убакыт: 05:44
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Талант Мамытов сунуштаган судья Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясын жетектеди

29.12.2020 13:47
585
Талант Мамытов сунуштаган судья Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясын жетектеди

Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына президенттин квотасы менен барган жаңы мүчө аталган комиссияга жетекчи болуп шайланды.Бул тууралуу  мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.


28-декабрда комиссия жыйынга чогулуп, президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун комиссиянын мүчөлүгүнө Маратбек Осмонкуловду кошуу тууралуу сунушу каралып, кабыл алынды.

Ушул эле күнү Осмонкулов ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында төрага болуп бир добуштан шайланды.


Комиссиянын буга чейинки курамынын мөөнөтү быйыл ноябрь айында аяктаган. Парламенттин квотасы боюнча үч өкүл тандала элек болгондуктан азыр алты гана мүчө иштеп жатат.


Ишке киришүү үчүн комиссиянын үчтөн экисинен кем эмес мүчөсү болуусу талап.


Төрагасы Замирбек Базарбеков 25-декабрда президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнө башчы болуп дайындалып кеткендиктен анын орду бош калган. Ал комиссияга президенттик квота менен барган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн