Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:53
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Талант Мамытов түрмөдө отуруп кандай пайда тапканын айтты (Видео)

27.02.2021 14:14
898
Талант Мамытов түрмөдө отуруп кандай пайда тапканын айтты (Видео)

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов түрмө адамды эмнеге тарбиялай турганын айтты. Бул тууралуу ал "Спутник Кыргызстан" радиосуна берген маегинде билдирген.


"Абакта отурганда материалдык баалуулуктарга көп кызыкпай калдым. Китеп окуп, бул дүйнөгө эмнеге келебиз, эмнеге кетебиз деп жашоонун философиялык маани-маңызы жөнүндө ойлонуп жаттым. Бул жакта эмнеге отурабыз, саясатка эмнеге келебиз деген ой басты. Аягында ушул суроолордун жообун таап чыктым. Мурда чет өлкөгө барганда өзгөрүүлөрүн көрүп, жазып алчу элем. Мына ошолорду алып кирип мамлекетти өнүктүрүү стратегиясын ошол жерден жаздым. Элди жакшы программалардын тегерегинде бириктирип, мамлекетти өнүктүрүү керек. Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевич да ушундай ой менен чыкты деген пикирдемин", — деди Мамытов.

Эске салсак, 2012-жылы "Ата-Журт" партиясынын үч депутаты, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов "Кумтөр" маселеси боюнча митинг уюштуруп, Ак үйгө кирүүгө аракет кылган үчүн камакка алынган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн