Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 09:21
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Талант Мамытов Өзбекстан президенти менен кандай маселелерди талкуулады?

30.12.2020 16:41
646
Талант Мамытов Өзбекстан президенти менен кандай маселелерди талкуулады?

Бүгүн, 30-декабрда, Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары күн тартибинде турган актуалдуу маселелер жана өлкөлөр ортосундагы мындан аркы кызматташуу кадамдарын талкуулашты.

Талант Мамытов коронавирус инфекциясы пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасына көрсөткөн колдоосу жана гуманитардык жардамы үчүн Шавкат Мирзиёевге ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле президенттин милдетин аткаруучу Кыргызстандын Өзбекстан менен саясий кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө бекем ниеттенгенине ишендирди.

Баарлашуу соңунда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Шавкат Мирзиёевди жана жалпы Өзбекстан элин келе жаткан Жаңы 2021-жыл менен куттуктап, кыргыз тараптын Өзбекстан Республикасы менен эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө даяр экенин баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн