Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 21:35
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Талантбек Батыралиев: “Министрлик ковидге каршы ынанымдуу позициясын көрсөтсө...”

18.04.2021 13:52
2407
Талантбек Батыралиев: “Министрлик ковидге каршы ынанымдуу позициясын көрсөтсө...”


- Кытайлык вакциналардын анча натыйжалуу эместиги тууралуу маалыматтар тарабадыбы. Буга байланыштуу бизге ал жактан келген вакциналарды колдонууну токтото туруу керекпи?


- Ооба, басма сөз маалыматтары “эффективдүүлүгү ойдогудай болбой калды” деп жазып чыгышты. Бирок башка вакциналар жөнүндө деле чаржайыт маалыматтар бар. Ошондуктан аны токтотууга орчундуу себеп жок. Анүстүнө азыркы учурда алып келинген же жакын арада келе турган башка вакцина жок.   Демек, ушул эле вакцинаны алууну улантуу керек. Бирок 75 миң кишилик эмдөө өтө эле аз. Штаб так эмдөө календарын, мөөнөтүн бериши зарыл. Бул өтө маанилүү.


- Ошол эле маалда эмдөө көптөгөн өмүрлөрдү сактап, мындан ары жай турмушка кайтууга мүмкүнчүлүк түзөрү айтылууда. Демек, биз тарап дагы башка жактардан вакцина алуу жолдорун тездетүүсү маанилүү да?


- Эмдөө шарт, 70% калкты камтуу оңой эмес. Ал пандемияга каршы күрөштүн маанилүү, ошол эле учурда өтө жоопкерчиликтүү бөлүгү. Албетте, башка булактарды да таап, вакцина менен камсыз кылуу керек. Тилекке каршы, дүйнөдө вакциналардын көбүн бай өлкөлөр алып койгону, өндүрүлгөн саны жеткиликтүү эмес экени белгилүү. Ошол эле учурда басма сөздө ачык тараган маалыматтарды анализдеп, республикалык штаб өз комментарийлерин элге жеткизиши шарт. Ар бир жаран өз каалоосу менен болсо деле жарандык милдетин билип, ковиддин жайылбоосуна салымын кошушу керек. Ал үчүн аларды ынандыра алган позициясын, иш аракетин штаб дагы, министрлик да көрсөтүшү керек. Үч түрдүү вакцинаны алып келип, өзгөчөлүктөрүнө жараша, акыркы чыккан ар кандай маалыматтарды эске алып, штаб эмдөөнү камсыз кылат (!) деген ойдомун.



Аны менен бирге биле турган маанилүү жагдай – эч бир өлкө башка түшкөн пандемияны толук кандуу жеңиши мүмкүн эмес. Андыктан, күч биримдикте!

 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн