Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 14:46
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Биримдик №1. Алгынбай Имаров: “Коопсуздукту бекем камсыз кылабыз”

29.09.2020 17:06
698
Биримдик №1. Алгынбай Имаров: “Коопсуздукту бекем камсыз кылабыз”

“Демократиялык социализм - евразиялык тандоо” - бул интернационализмден жана элдердин достугунан куралган кызматташтык”.  Бул тууралуу Баткен облусунун тургундары менен болгон жолугушууда “Биримдик" демократиялык социализм – евразиялык тандоо” партиясынын талапкери Алгынбай Имаров билдирди. Анын белгилѳѳсүндѳ, бийлик менен элдин ортосунда ажырым болбошу керек. 


“Биз чыныгы биримдик демократиялык социализмдин принциптерине жана партиянын гана эмес, мамлекеттин да идеологиялык жана саясий пайдубалы катары евразиялык тандоонун негизинде гана ишке ашырыларына  ишенебиз”,- дейт талапкер. 


Алгынбай Имаров “Биздин тышкы саясаттын башкы милдети өлкөнүн ийгиликтүү ички өнүгүүсү жана анын жарандарынын гүлдөп өнүгүүсү үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды камсыздоо болуусу керек экенин түшүнүп,  төмөнкү артыкчылыктуу багыттарды белгилеп алдык”, - деп билдирди. Алар тѳмѳнкүлѳр:   


- коңшулаш мамлекеттер жана стратегиялык өнөктөштөр менен болгон ынак кошуналык, өз ара пайдалуу экономикалык байланыштарды  өнүктүрүү жана кеңейтүү; 

- өз ара кызыкчылыкка умтулган өлкөлөр менен экономикалык, саясий жана маданий байланыштарды кеңейтүү; 

- коопсуздукту камсыз кылуу жана эл аралык кадыр-баркты бекемдөө; 


Талапкер Алгынбай Имаровдун  Баткен облусунун Айдаркен шаарындагы, Халмион, Алга, Кыргыз-Кыштак жана Ак-Турпак айылдарындагы жолугушуулары  уланууда. 


 «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн