Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Талапкер Гүлжигит Жумаев: Ѳлкѳбүздүн ѳнүгүүсүнѳ ар бирибиз салымыбызды кошолу!

28.09.2020 11:15
956
Талапкер Гүлжигит Жумаев: Ѳлкѳбүздүн ѳнүгүүсүнѳ ар бирибиз салымыбызды кошолу!

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин эл менен жолугушуулары уланууда. «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын талапкери Гүлжигит Жумаев да Сузак районунун шайлоочулары менен жолугушууларды ѳткѳрүүдѳ. 


Бул ирет талапкер райондун Катыраңкы айылынын жашоочулары менен жолугушту. Анда талапкер «Биримдик» партиясынын максаты, программасы менен тааныштырып, алдыда аткарчу иштерине токтолду. Ошону менен бирге ал ѳлкѳбүздү ѳнүктүрүп, ѳстүрүү үчүн ар бир жаран колунан келишинче эмгек кылып, салым кошуусу керектигин билдирди. 


«Биз азыр терең ойлоно турган, алдыга кыраакылык менен кадам жасай турган мезгилде турабыз. 10-20 жылдан кийин ѳлкѳбүздүн абалынын кандай болору ар бирибизди ойлонтушу керек. Мамлекетибиздин бекемделип, түптѳлүүсү, ѳнүгүүсү үчүн колубуздан келгенин жасашыбыз зарыл. Болуп ѳткѳн пандемия ѳлкѳбүздүн алсыздыгын, кѳп нерсеге даяр эместигибизди кѳрсѳттү. Бирок мамлекетибизди алсыз деп эле тим болбостон, ар бирибиз мекенибиз үчүн эмне кылдык деген суроону берели. Ар бир жаран мекеним үчүн эмне жасадым деген суроону ѳзүнѳ берип, колунан келген салымын кылганда гана  ѳлкѳбүздү ѳнүктүрѳ алабыз», - деди Гүлжигит Жумаев. 


Ошондой эле талапкер элибиздин биримдиги менен ынтымагы мамлекетибиздин бүтүндүгүн, күчтүүлүгүн, келечегин камсыз кыла турганын белгилеп, элдин биримдигин туу туткан «Биримдик» партиясын колдоого алууга чакырды. Ал белгилеп ѳткѳндѳй, элибиздин биримдиги  менен гана бардык нерсени жеңе алабыз. Андыктан бѳлүнүп, жарылууну токтотуп, биригүүгѳ мезгил жетти. Мекенибиз -  биздин дѳѳлѳт, дѳѳлѳтүбүздү колубуздан чыгарып жибербейли!», - деди «Биримдик» партиясынын талапкери. 


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн