Бугу 05, 2024
Убакыт: 12:39
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Талапкердин апасы добуш сатып алууга айыпталууда

08.11.2021 16:06
713
Талапкердин апасы добуш сатып алууга айыпталууда

Борбордук шайлоо комиссиясынын  ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна №20 Манас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Мирлан Назарбековдун шайлоо мыйзамын бузгандыгы жөнүндө арыз түштү.


Арызда Мирлан Назарбековдун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы стадиондо мектеп окуучуларынын катышуусунда үгүт иш-чарасын өткөргөнү жазылган. Иш-чарада окуучулар талапкердин логотиби түшүрүлгөн жилеттерди кийип, желектерди көтөрүп жүрүшкөн.


Мындан тышкары арызда райондук билим берүү борборунун башчысы Ж.С.нын мугалимдер күнүндө Мирлан Назарбековдун апасынын атынан мектеп директорлоруна 5 миң сом жана айрым мугалимдерге 3 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык бергени айтылат. Арыздагы маалыматка ылайык, жолугушуунун аягында Ж.С. мектеп директорлорун жана мугалимдерди Мирлан Назарбековду колдоп, үгүт жүргүзүүгө чакырган.


Аталган маалымат Ички иштер министрлигине жөнөтүлүп, текшерүү башталды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн